Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Сабырбек Жумабеков министрди жалган жалаа жаап атат деп айыптады


Сабырбек Жумабеков.
Сабырбек Жумабеков.

Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди жалган жалаа, негизсиз сөздөрдү таратып жатат деп айыптады.

Ал 3-февралда аталган медициналык жайда жыйын өткөрүп "министр буга чейин оорукана жөнүндө далилсиз сөздөрдү айтып келди, кечээ күнү менин дарегиме дагы сөз тийгизди. Мен жолукканга аракет кылдым, бирок макул болгон жок. Бул мамлекеттик мекеме, эч кандай менин менчигим эмес", деди. Жумабеков ошондой эле бул жагдайга байланыштуу президентке кайрылды жана кызматтан кеткенге даяр экенин, бирок борборду сактап калууга аракет кыларын билдирди.

Мунун алдында Бейшеналиев маектеринин биринде Сабырбек Жумабековду бул оорукананы менчиктештирип, тааныш-билиштерин, туугандарын жумушка орноштуруп алды деп айыптаган.

Ушул тушта Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы катары кайра түзүү аракети жүрүп жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги мындай өзгөртүүлөрдөн кийин "бул оорукана Бишкек шаардык мэриясы, шаардык кеңеш жана Саламаттык сактоо министрлигинин үч тараптуу келишиминин негизинде иш жүргүзөт, милдетүү медициналык камыздандыруу фондунан каржыланат" деп билдирген.

Алымкадыр Бейшеналиев жүргүзүлүп жаткан ишти түшүндүрүү үчүн 1-февралда оорукананын жамааты менен жолуккан.

Аталган борборду узак убакыттан бери академик Сабырбек Жумабеков жетектеп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG