Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

COVID-19: төрт бейтап каза болду, оору дагы 243 адамдан аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, ооругандардын эң көбү (124 адам) Бишкекте катталды. Андан кийинки орунда Чүй облусу (56 адам) турат.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 200 миңге чамалады, оорудан 2893 киши көз жумду.

Азыр ооруканаларда 961 бейтап жатат жана 372 адамдын абалы оор, дагы 500дөн ашык кишинин абалы орточо оор. Ал эми үйлөрүндө 4 миңден ашуун адам дарыланып жатат.

Былтыр марттан бери вируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алгандардын жалпы саны 1,3 миллиондон ашты. Экинчи дозасын алгандар 1,1 миллионго чукулдады. Саламаттык сактоо министрлиги жашы 60тан өткөн адамдарды бустердик дозаны (вакцинанын 3-дозасы) алууга чакырууда.

Коронавируска каршы бустердик дозаны алуу аралыгы төрт айга кыскартылган. Мурда бул аралык алты ай деп белгиленген эле. Үчүнчү доза менен эмдөө былтыр жыл аягында башталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG