Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:04

Кыргызстан: 2022-жыл Тоолорду коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды


Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров "2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта "жарлыкка климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылын белгилөө максатында кол коюлган. Кыргызстандын демилгесине ылайык, былтыр декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары 2022-жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы" деп жарыялоо жөнүндө резолюциясын бир добуштан колдошкон", деп айтылат.

Бул жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетине 1-мартка чейин тоолорду коргоо жылын өткөрүүгө байланыштуу жол картасын даярдоо тапшырмасы берилди.

Анын алкагында айыл чарба, энергетика, өнөр жай тармактарында экологиялык жана климаттык иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашыруу маселелери, ошондой эле токой чарбасын, экотуризмди өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды, илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү өңдүү иш-чаралар каралат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG