Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:41

Бишкектеги эки шайлоо округунда үгүт өнөктүгү башталды


Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында 7-февралда кайра шайлоонун үгүт иштери башталды. Шайлоо компаниясы 26-февраль саат 8:00дө аяктайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу эки округдан жалпы 53 талапкерди каттады. Алардын ичинен Биринчи май округунан 27, Свердлов округунан 26 талапкер бар.

Эки шайлоо округу боюнча шайлоочулардын жалпы саны 215 миң 599 киши. Шайлоочулардын тизмесин тактоо 16-февралга чейин жүргүзүлөт (tizme.gov.kg сайтынан тактаса болот).

Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар көп болгондуктан быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышында 120 депутат болгон. 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан бирден шайланат, азырынча парламентте 34 округдун өкүлү иштеп жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG