Ооганстандын Кунар провинциясында кар көчкүнүн астында калган кеминде 15 кишинин сөөгүн алып чыгышты. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, көчкүнүн алдында 20дан көп киши калган. "Азаттыктын" ооган кызматы өлкөнүн бир топ аймактарында калың кар жааганын, кээ бир кан жолдор буулуп калганын кабарлады.
Кунардын маалымат жана маданият департаментинин жетекчиси Мавлави Нажибулла кар кече кечинде көчкөнүн, жаратылыш кырсыгынан жакындарын кар туткунунан алып чыгуу аракетин көргөн жергиликтүү тургундар жабыркаганын Германиянын кабар агенттигине айтып берди.
Өткөн айда маалымат каражаттары Бадахшан аймагында бери дегенде беш киши бороон-чапкындан каза тапканын жазышкан.