Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:54

Беларуста "Азаттыктын" мурдагы фото кабарчысы 13 күнгө камалды


Владь Хрыдзин тарткан сүрөт
Владь Хрыдзин тарткан сүрөт

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун беларус редакциясынын мурдагы кызматкери, фотокабарчы Владь Хрыдзин 13 күнгө камалды. Ага “полицияга баш ийбөө” айыбы тагылды. Хрыдзин күнөөсү жоктугун айтууда.

Судья фотографты өткөн аптада үйүн тинтүүгө барган тартип коргоочуларды киргизбей койгондугу үчүн айыптуу деп тапты. Анын батирин “массалык башаламандык” уюштуруу ишинин алкагында тинтишмек.

Жакындары Хрыдзин алар менен байланышка 4-февралда чыкпай калганын, үйүнөн ноутбугу менен фотоаппараты жок болуп чыкканын кабарлашкан. Кийин алар Хрыдзин Минскидеги Акрестсина кармоочу жайына алынып кеткенин билишкен.

Хрыдзин 2020-жылдын 29-августуна чейин “Азаттыктын” беларус редакциясында иштеген. Бийлик анын аккредитациясын чакыртып алган. Аны президенттик шайлоодон кийин тутанган нааразылык акцияларын тарткандыгы үчүн кармап кетип, 11 күн убактылуу кармоочу жайда отуруп чыккан. Ал 2015-жылы Беларустун Пресс фото сыйлыгын жеңген. Сүрөттөрү бир катар чет өлкөлүк агенттиктерге чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG