“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 10-февралда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;
Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2;
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10;
Бийик тоолордо түнкүсүн -26…-31, күндүз -10…-15 градус суук болот.
Бишкекте абанын түнкү төмөнкү температурасы -6…-8°, күндүз 2…4° жылуу болот.
Facebook шеринеси