Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:56

ЖК айнек караңгылатууга уруксат берүү долбоорун биринчи окууда колдоду


Бишкек. Архив сүрөт.
Бишкек. Архив сүрөт.

Жогорку Кеңеш 9-февралда Кыргызстанда автоунаанын каптал айнектерин караңгылатууга (тонировка) уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документке 77 депутат “макул”, алты эл өкүлү “каршы” добуш берди.

Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап жатат. Ал кабыл алынса, автоунаанын каптал айнектерин караңгылатуунун акысы бир жылга 30-50 миң сом болушу ыктымал. Экономика жана коммерция министрлиги жыл сайын аз дегенде 20 миң айдоочу машинесинин терезесин караңгылатат деп болжоп жатат.

Ички иштер министрлиги азыр терезесин караңгылатып алгандарга 5500 сом айып пул салынарын, акыркы алты жылда мындай мыйзам бузуу менен 22 миңдей айдоочу кармалганын билдирди.

Долбоор боюнча такси, эл ташуучу жана жүк ташуучу автоунааларга каптал айнектерди караңгылатууга уруксат берилбейт. Кыргызстанда учурда автоунаалардын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатууга тыюу салынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG