Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Опера жана балет театрына Алмазбек Истамбаев директор болуп дайындалды


Алмазбек Истамбаев.
Алмазбек Истамбаев.

Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрына башкы директор болуп Алмазбек Истамбаев дайындалды.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

9-февралда Истамбаевди театрдын жамаатына министр Азамат Жаманкулов тааныштырды.

Жаңы директор 2000-жылдан 2019-жылга чейин опера жана балет театрынын алдыңкы опера солисти болуп иштеген.

2017-2020- жылдар аралыгында кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин директору, 2020-жылдан “Евразия ааламы – XXI кылым” мамлекеттер аралык форумунун көркөм жетекчиси сыяктуу бир катар кызматтарда иштеп келген.

2021-жылдын жаз, жай айларында аталган театрдан ондон ашуун балет бийчиси жумуштан кетип, жетекчиликке нааразылыктар күчөгөн. Министрлик кырдаалды иликтөө үчүн атайын комиссия түзгөн.

Истамбаевге чейин театрды 2019-жылдан бери Керим Турапов жетектеп, кызматтан 22-январда кеткен. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG