Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:20

Акыйкатчы институту Мирлан Ураимовдон кабар алды


Мирлан Ураимов.
Мирлан Ураимов.

9-февралда Акыйкатчы институту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында кармалып турган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовдон кабар алды. Бул тууралуу Омбудсмендин басма сөз кызматы билдирди.

Ураимов УКМКнын кызматкерлери тарабынан ага карата физикалык жана психологиялык басым болбогонун айткан. Камакта кармоо шартында эч кандай мыйзам бузуулар аныкталган эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ураимовду 8-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен айыптап кармаган.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал ушул беренеде каралган кылмыштын белгилери бар материалдарды социалдык тармактарда таратканы аныкталган.

Мирлан Ураимов “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү. Партиялаштары ал оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтып жатышат. Ураимов 2021-жылы Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын плотинасын Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акциялардын уюштуруучуларынын бири. (BTo)

XS
SM
MD
LG