Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

Балыкчыда аскерлер машыгуу өткөрүп жатат 


Коргоо министрлиги тараткан сүрөт.
Коргоо министрлиги тараткан сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” тоо окуу борборунда Коргоо министрлигинин кошуундарынын жана аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери тоо даярдыгы боюнча окуу-машыгуу өтүп жатат. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.

Министрлик окуу-машыгуунун максаты аскерлердин дене тарбиялык даярдыгын жана эрктүүлүгүн жогорулатуу, тоо шартында тоскоолдуктарды жеңүүдөгү жөндөмдү бекемдөө экенин билдирди. Учурда жоокерлер тоодогу муз жана карда жүрүүнү, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү сыяктуу машыгууларды окуп жатышат.

Машыгуунун жүрүшүндө ар кандай баскычтагы кыйынчылыктары бар чокуларга чыгышат. Окуу-машыгуу 25-февралга чейин улантылат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG