Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Акыйкатчы: Бишкектеги тергөө абагында аял төрт айлык ымыркайы менен жатат


Кыргызстандагы абактарды бири. Архив.
Кыргызстандагы абактарды бири. Архив.

Акыйкатчы аппараты Бишкектеги №1 тергөө абагында төрт айлык ымыркайы менен жаткан аялдын апелляциялык арызын кароону тездетүүнү Бишкек шаардык сотунан суранды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Омбудсмен институту кабарлагандай, тергөө абагында жаткан аял Орусиянын жараны, ал 11-сентябрда төрөгөн жана башка соттолгон аялдар менен чогуу жатат. Ал аял Жазык кодексинин 267-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) боюнча беш жылга кесилген. Ал чечимге каршы экенин айтып Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

“Акыйкатчы аппаратына арыз ээси баланын мыйзамдуу укуктарын коргоого көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган. Анткени тергөө абагында балага эч кандай шарт жок. Тиешелүү медициналык тейлөө, жылуу суу, толук кандуу тамак-аш жок. Аялдын көкүрөк сүтү тартылып кеткен, ал эми бала үчүн атайын тамак, балага витаминдер жана таза аба жок”, - деп айтылат билдирүүдө.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери аял жаткан тергөө абагына барып, кармоо шарты менен таанышып келишкен.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. 2020-жылга карата жаза мөөнөтүн 9 миңден ашуун адам өтөп жатат. Алардын 500дөн ашууну аялдар. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG