Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Экс-министр Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү


Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты . 14-февраль. 2022
Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты . 14-февраль. 2022

Бүгүн, 14-февралда Бишкекте мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ички иштер министри Улан Ниязбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомчулук өкүлдөрү, маркумдун жакындары катышты.

Акылбек Жапаров сөз сүйлөп жатып, Конгантиев революциянын курмандыгы болгонун айтты.

"Кайран генерал тагдыр сындырып кетпегенде милицияда бир топ өзгөрүүлөрү болмок экен. Диссертациясында ал жарандарды коргоонун системасы жөнүндө фундаменталдуу ойлорун жазган. Адам фактору кызматта дагы, коомго дагы кандай таасир тийгизээрин жазган. ИИМдин бардык системаларында, аймактык милициядан тартып борбордук аппараттарга чейин татыктуу кадрлардын ордун баалаган... Ал өз кызматын өтөп жатып төрт саат ур-токмокко алынып, эс-учун жоготуп баратса дагы ал офицердик мундирди бекем сактап эч кимди саткан эмес. Ал антына бекем турду... Дал ошол күнү экөөбүз бир болдук эле, бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы катары сизди акыркы сапарга узатуу расмий адамдардын ичинен сөз сүйлөө вазийпасы мага жүктөлүп отурат. Кош кыргыздын офицери, кош кыргыздын генералы, кош революциянын курмандыгы...."

Президент Садыр Жапаров маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына барган жок. Мунун алдында ЖК төрагасы Талант Мамытов менен көз көрсөтүп барган видеосу социалдык тармактарга чыкты.

Молдомуса Конгантиев 12-февралда 64 жаш курагында көз жумган.

Ал 1958-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. Ички иштер органдарында 1979-жылдан тарта иштей баштаган. Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин укук таануу адистиги боюнча аяктаган. Милициянын генерал-лейтенанты.

2005-жылы Бишкек милициясын, 2008-2010-жылдары ИИМди жетектеген. 2010-жылдагы өлкөдөгү коомдук-саясий окуялардан кийин кызматтан кетип, мамлекеттик жана саясий иштерге аралашкан эмес.

Конгантиевдин сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Анын 2010-жылдагы Апрель окуяларындагы аракеттерине байланыштуу козголгон кылмыш иши кыскарып кеткени 2018-жылы ачыкка чыккан. Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган.

Иш кайра сотко өткөрүлүп, прокуратура Молдомуса Конгантиевди алты жылга камап, 100 миң сом айып пул салууну суранган. Жактоочу тарап анын күнөөсүз экенин айтып, актоону өтүнгөн. Бишкектин Биринчи май райондук соту Молдомуса Конгантиевди кайра актаган.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG