Кара-Балта шаарында окуучулардын калайман мушташы катталып, бир өспүрүм ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, милицияга 13-февраль күнү саат 17:20 чамасында шаардагы стадиондо балдар мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Мындан көп өтпөй 12 жаштагы өспүрүм денесинен жаракат алып аймактык ооруканага түшкөнү маалым болгон.
Бул факты Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө катталды. Алдын ала маалыматтарга караганда, Жайыл районундагы эки мектептин 7-8-класстарынын окуучулары мушташкан. Анын кесепетинен 2007-жылы туулган Д.А. аттуу окуучу ооруканага жеткирилди. Жараат алган өспүрүмдүн апасы чара көрүүнү өтүнүп милицияга арыз жазды.
Учурда милиция кызматкерлери бул окуяга катышкандардын тек-жайын тактады. Учурда тергөө иштери уланып, экспертиза дайындалды.
Өткөн аптада Ноокен районунда калайман мушташ катталып, жаракат алган 22 жаштагы жигит каза болгон. Милициянын маалыматына ылайык, 5-февраль күнү кечинде Ноокен районунун аймагындагы сайдын боюнда болжол менен 20 жаштардагы топ балдар уруша кетип, Базар-Коргон районунун 22 жаштагы тургуну учтуу нерсе менен көкүрөккө жеген. Ал алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон. (КЕ)