Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:37

Ноокенде калайман мушташта бир адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ноокен районунда 5-февралда болгон калайман мушташта жаракат алган 22 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-февраль күнү кечинде Ноокен районунун аймагындагы сайдын боюнда болжол менен 20 жаштардагы топ балдар уруша кетип, Базар-Коргон районунун 22 жаштагы тургуну учтуу нерсе менен көкүрөккө жеген. Ал алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон.

Бул факты боюнча Ноокен районунун ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козгоп, сөөккө соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бул кылмышка шек саналып Ноокен районунун 17 жаштагы тургуну кармалып 6-февралда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ушул тапта окуя боюнча териштирүү иштери уланууда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG