Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Молдомуса Конгантиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду


Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 14-февраль, 2022-жыл.
Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 14-февраль, 2022-жыл.

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин сөөгү, бүгүн 14-февралда Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ички иштер министри Улан Ниязбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомчулук өкүлдөрү жана маркумдун жакындары катышты.

Молдомуса Конгантиев 12-февралда 64 жаш курагында көз жумган.

Ал 1958-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. Ички иштер органдарында 1979-жылдан тарта иштей баштаган. Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин укук таануу адистиги боюнча аяктаган. Милициянын генерал-лейтенанты. Конгантиев юридика илимдеринин кандидаты.

2005-жылы Бишкек милициясын, 2008-2010-жылдары ИИМди жетектеген. 2010-жылдагы өлкөдөгү коомдук-саясий окуялардан кийин кызматтан кетип, мамлекеттик жана саясий иштерге аралашкан эмес.

2021-жылы январда жубайы Базаркүл Нурбаева каза болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG