Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:26

Жээнбековдун жардамчысынын иши сотко өттү


Айсулуу Кудайбердиева.
Айсулуу Кудайбердиева.

Саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиевага карата козголгон кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу Кудайбердиева бүгүн, 14-февралда “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Анын айтымында, “2019-жылы чек арадан туура эмес өткөн” деген айып менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) козгогон ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карай турган болду, алгачкы отурум бүгүн саат 14:30га белгиленди.

27 жаштагы Кудайбердиева атайын кызмат козгогон бул ишти бурмалоо деп атап, “Жээнбековдун саясий иштерине жардам бергеним үчүн бир нече ай бою УКМКнын басымына жана куугунтугуна дуушар болуп келем” деп билдирди.

УКМК Кудайбердиеванын мындай айыптоолоруна жооп бере элек.

Адам укугу боюнча Европа институтунун студенти Айсулуу Кудайбердиева буга чейин атайын кызматта бир нече жолу суракта болгонун айткан.

Оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган. Бирок "үй камагынын талаптарын бузду" деген негизде 2021-жылдын август айында кайра №1 тергөө абагына камалган. Камакка алынышын саясий ишмердиги менен байланыштырган саясатчы абактан 2021-жылдын 27-декабрында бошотулган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG