Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:28

Өзбекстанда ооруканадагы жарылуудан кыргыз жараны каза болду


Куткаруучулар кырсык болгон клиникада иштеп жатышат.
Куткаруучулар кырсык болгон клиникада иштеп жатышат.

Өзбекстанда ооруканадагы жарылуудан 56 жаштагы кыргызстандык аял каза болгонун 14-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 11-февралда Анжиян облусунун Шахрихан районундагы «Зитерия» жеке дарылоо-дарт аныктоо борборунда болгон газ-аба аралашмасы жарылган.

Өзбекстандын Жазык кодексинин 257-беренесинин (“Эмгекти коргоо эрежелеринин бузулушу”) негизинде иш козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

“Азаттык” радиосунун өзбек кызматы жеке клиникадагы жарылуудан кеминде бир бейтап каза болгонун, ал 56 жаштагы аял экенин, жарандыгы аныкталып жатканын буга чейин кабарлаган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, кырсыктан жабыркагандардын саны бүгүнкү күндө 11ге жетти. (RK)

XS
SM
MD
LG