Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Тез жардам ооруканасына кайра жаңы жетекчи дайындалды


Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борбору Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлгөн.
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борбору Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлгөн.

Клиникалык тез жардам ооруканасына кайрадан жаңы жетекчи дайындалды. Жетекчинин милдетин аткаруучу Памир Муратов бүгүн, 14-февралда жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттык сактоо министрлигинин юристи Азамат Жумакеев билдирди. Анын айтымында, жаңы жетекчини мурдагы Травматология жана ортопедия илимий борборунун директору Сабырбек Жумабеков өзү жамаатка тааныштырды.

"Өзү барып, жамаатты чогултуп, жаңы жетекчини өзү тааныштырды. Азырынча ошол жерде эле иштеп турушат. Жаңы кабинет берди, азыр ошол жерде отуруп иштеп жатат", - деди юрист.

4-февралда Алымкадыр Бейшеналиев Травматология жана ортопедия илимий борборунун директору Сабырбек Жумабековду кызматтан бошоткон. Борбор жоюлуп, ордуна Клиникалык тез жардам ооруканасы иштей баштарын билдирген. Башкы дарыгер болуп Дамир Дүйшөнов дайындалган.

Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаров айтмайынча кызматынан кетпей турганын билдирип, министрдин бул чечимин сындап келаткан. 5-февралда бир нече адам акцияга чыгып, Бейшеналиевдин отставкасын талап кылышкан. Оорукананын айланасындагы окуяларды иликтөө боюнча атайын комиссия иштеп жатат.

Травматология жана ортопедия илимий борбору Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлгөндөн кийин директорлук кызмат жоюлган. Оорукананы башкы дарыгер жетектейт.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борбору ооруларды реабилитациялоо жана илимий багыттагы дарыгерлерди даярдоо максатында 2004-жылы Бишкек шаардык №4 оорукананын базасында түптөлгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG