Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:18

“Апрель” телеканалынын кабарчысы милицияга кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.

“Апрель” телеканалынын кабарчысы социалдык түйүндөрдөгү аккаунттарын кимдир бирөөлөр бузуп кирүүгө аракет жасаганын айтып милицияга кайрылды. Бул тууралуу маалымат телеканалдын сайтына 14-февралда жарыяланды.

Журналист Юлия Кулешова Facebook түйүнүндөгү жана Telegram мессенжериндеги профилдерине 8-февралда чабуул жасалганын, кабарчы катары кесиптик ишмердүүлүгүнүн коопсуздугуна коркунуч жаралганын айтып, ошол адамды табууну жана жоопко тартууну өтүнгөн.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге караштуу экени айтылган “Апрель” санарип телеканалы эфирге 2018-жылы чыга баштаган.

Кыргызстанда киберкоопсуздук боюнча стратегия 2019-жылы кабыл алынган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG