Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

ТИМ: Зарыл учурда кыргыз жарандары Украинадан өз алдынча чыгып кете алышат


ТИМ имараты.
ТИМ имараты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы кыргыз жарандары эгер зарылчылык пайда болсо өлкөдөн коммерциялык авиакаттамдар менен өз алдынча чыгып кете аларын эскертти.

Бүгүн 15-февралда мекеменин басма сөз кызматы билдирүү таратып, Кыргызстандын Украинадагы элчилиги башка көпчүлүк өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү сыяктуу эле кадимки тартипте иштеп жатканын, окуяларга тыкыр көз салып турганын, Тышкы иштер министрлиги жана чет өлкөлүк элчиликтер менен түз байланышта экенин билдирди.

Ошону менен катар элчилик маалыматтык колдоо сурап кайрылган кыргызстандыктар менен дайыма байланышта турганы, аларга так маалымат алуу үчүн Украина бийлигинин расмий билдирүүлөрүн карап туруу керектиги айтылып жатканы маалымдалды.

Москва Украинанын НАТОго кошулушуна каршы болуп, орус-украин чек арасына 100 миңдей аскерин топтогон. Батыш аны "чабуул жасоого даярданууда" деп айыптап келет, Кремль аны четке кагууда.

Орус-украин чек арасындагы соңку абалдан улам айрым өлкөлөр жарандарын эвакуациялоодо. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG