Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

Өкмөт туризмди өнүктүрүү фондун түзгөнү жатат


Сары-Челек көлү.
Сары-Челек көлү.

Кыргыз өкмөтү туризмди өнүктүрүү боюнча атайын фонд түзгөнү жатат. Ага бюджеттен 1 миллиард сом каралган.

Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Фонддун жетекчилигине Елена Калашникова сунушталууда.

"Менин жетектөөмдүн астында туризмди өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүлгөн. Жакынкы отурумунда уставдык капиталын дагы, жетекчилерин дагы бекитебиз. Биз туризмден башка жаныбыздагы кошуналарыбыз менен теңтайлашып астыга чыга турган мүмкүнчүлүгүбүз деле жокко эсе. Ошондуктан туризмди астыга жылдыралы деп жатабыз", - деп билдирди Жапаров.

Коронавирус пандемиясынын айынан Кыргызстанда туризм тармагы көп жоготууга учурады. Туризм департаментинин маалыматына караганда, бул тармактагы жоготуулар өткөн жылы 80% жеткен. Тармактагы ишканалардын 15% жакыны жабылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG