Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Алматыда кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды


Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча топтун отуруму.
Кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча топтун отуруму.

Казакстандын Алматы шаарында кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча жумуш тобунун биринчи отуруму өткөнүн 16-февралда кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. Отурумга кыргыз тараптан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев баштаган расмий делегация катышты.

Ортодогу соода-сатык, товар жүгүртүү, жүк ташуу маселелери, чек арадагы “Ак-Тилек” жана “Карасу” бекеттеринин жанына индустриалдык соода-логистикалык комплекс куруу, Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы мамиле, бажы жана салык органдарынын өз ара кызматташуусу боюнча маселелер талкууланды.

Казакстанда Кыргызстандын Бажы кызматынын өкүлчүлүгүн ачуу тууралуу макулдашуу жетишилди.

21-февралдан тартып Кыргызстандан Казакстан аркылуу Орусияда темир жол каттамын туруктуу негизде кайрадан ачуу боюнча да чечим кабыл алынды.

Кыргызстан да, Казакстан да Евразия экономикалык биримдигинин толук мүчөсү. Элдин, товарлардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын эркин өтүп туруусун кепилдеген бул уюмдун ичинде түрдүү тоскоолдуктар болуп, чек арадан өтүү кыйын болуп жатканы соңку жылдары көп айтыла баштады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG