Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:03

Бекешев курулуштардын мыйзамдуулугун текшерүүнү сунуштады


Бишкектеги бүтпөй турган курулуштардын бири.
Бишкектеги бүтпөй турган курулуштардын бири.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаарында жашылдандыруу иши колго алынбай жатканын сынга алды. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-февралда парламент жыйынында айтып чыкты. Ал "Экологиялык коопсуздук" жөнүндө мыйзам аткарылбай жатканына токтолду.

“Бишкек шаарында жашылдандыруу иши колго алынбай, курулуштар чаржайыт жүрүүдө. Жарлыктагы талаптарды аткаруу боюнча көзөмөлдү күчөтүү керек. Муну менен катар Жогорку Кеңеш да калаадагы мыйзамсыз курулуштар боюнча комиссия түзүп, текшерүүсү кажет”, – деди.

Соңку жылдары Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөр көп салынууда. Алардын мыйзамдуулугу боюнча талаш-тартыш чыккан учурлар да аз эмес. Буга чейин шаар тургундары мыйзамсыз курулуштарга каршы акцияларды өткөрүшкөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG