Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Тайланддын бийлиги Бангкоктун аталышын өзгөрттү


Бангкок шаары.
Бангкок шаары.

Тайланддын бийлиги Бангкок шаарынын аталышын Крунг-Тхеп-Маха-Накхон деп өзгөртүү чечимин кабыл алды. Бангкок шаардын расмий эмес аталышы катары кала берет жана тексттерде кашаанын ичинде көрсөтүлүп турат.

Тай тилинде башкалаа дайыма Крунг-Тхеп-Маха-Накхон деп айтылчу жана андан да узун аталышы 40 тамгадан турчу. Англис жана башка тилдерде ал Бангкок деген ат менен белгилүү болгон. 2001-жылы бийлик шаарды англисче аталыш менен эле атай берүүнү чечкен болчу.

Крунг-Тхеп-Маха-Накхон деген сөз “Периштелердин шаары жана улуу борбор” дегенди тушүндүрөт.

70 миллиондой калкы бар Тайланддын борборунда 8 миллионго жакын киши жашайт. Башкалаа туристтерди кызыктарган шаарлардын бири. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG