Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:22

Түркияда сабалган кыргызстандык келинге укуктук жардам көрсөтүлүүдө


Стамбул.
Стамбул.

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу Түркияда күйөөсү сабаган келинге укуктук жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, консулдук зомбулук көргөн кыргызстандык келин менен телефондон байланышып, анын Түркияда жүрүүсүн мыйзамдаштыруу боюнча кеп-кеңешин берип жатат.

"Аталган факты боюнча Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу Кыргызстандын А.Р. аттуу жараны менен телефон аркылуу байланышты. Учурда эч кандай көйгөйү жок экенин билдирген. Ошону менен бирге ал балдары менен Кепез шаарында ижарага алган батирде жашап жана андан ары Түркияда жүрүүсүн мыйзамдаштырып, ошол жакта калууну көздөп жатканын маалымдады", - деп жазылган ТИМ тараткан маалыматта.

Мындан сырткары сот келиндин күйөөсүнө Кепез шаардык үй-бүлө маселелери боюнча башкармалыгынын буйругу менен бир ай жолугушууга тыюу салган. Бул маселе министрликтин жана Башкы консулдуктун көзөмөлүндө экени белгиленген.

Түркияга барган кыргызстандык кыз-келиндер киши колдуу болгон учурлар буга чейин да катталган. 2020-жылы Анталия шаарында 23 жаштагы кыргызстандык кыз бейтааныш адамдын кол салуусунан каза тапкан. Былтыр октябрда Түркиянын Текирдаг аймагында жашаган 30 жаштагы кыргызстандык келинди кайнатасы мыкаачылык менен өлтүргөнү тууралуу кабар тараган. Быйыл 17-январда Түркияда кыргызстандык аялды өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн түркиялык кишиге кылмыш иши козголгон.

Расмий маалымат боюнча Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өтүп жашайт. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенишет.

"Аялдарды өлтүрүүнү токтотобуз" платформасынын статистикасына ылайык, Түркияда былтыр 280 аял киши колдуу болуп, 217 аялдын өлүмү иликтенбей калган. Алардын ичинде канчасы чет өлкөлүк кыз-келин экени айтылган эмес. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG