Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Бразилиянын президенти Москвага барды


Жаир Болсонару жана Владимир Путин. Орусия, Москва.
Жаир Болсонару жана Владимир Путин. Орусия, Москва.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Бразилиянын президенти Жаир Болсонару Москвада жолугушту. Анда эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгы талкууланды.

Жолугушууда Путин эки өлкө ар кандай тармактарда кызматташып келгенин, саясий, экономикалык жана гуманитардык байланыштар дагы күчөтүлөрүн маалымдады. Болсонару Бразилия “Росатом” энергетикалык компаниясы менен кичи өзөктүк реакторлорду куруу боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Алар ошондой эле коргонуу багытында кызматташууну да сөз кылышты.

Тараптардын сүйлөшүүсүндө Украина сөз болгон жок. Бразилия лидери гана биргелешкен басма сөз жыйынында “биз тынчтык үчүн тилек кылабыз жана ошенткендерди сыйлайбыз” деп айтып өттү.

Жаир Болсонарунун иш-сапары Украина-Орусия кризиси курчуп турган маалга туш келди. АКШнын бийлиги аны Москвага баруудан карманып турууга чакырган эле. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен "Болсонарунун Москвага барышы алардын Украинага карата аракеттерин колдоого тете" экенин айткан.

Болсонару 2019-жылы президенттик шайлоодо утуп чыккан. Анын соңку сапары 2022-жылга белгиленген президенттик шайлоодо кайрадан калктын добушун алууга таасир этүүчү курал катары сыпатталууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG