Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр чечүүчү чекке келди


Иран менен АКШнын желектери. Иллюстрация сүрөт.
Иран менен АКШнын желектери. Иллюстрация сүрөт.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив ле Дриан Ирандын өзөктүк программасын сактап калуу боюнча дүйнөлүк державалар менен Тегерандын сүйлөшүүсү чечүүчү этапка келгенин маалымдады. Министр муну үчүн Ирандын бийлигине бир нече күн убакыт берилгенин, алар тандоону тез арада жасашы керектигин кошумчалады.

“Биз иш жүзүндө ашууга жеттик. Маселе аптага созулбайт, күндөрдүн гана иши калды. Ирандыктардан саясий чечим кабыл алуу талап кылынат. Алар жакынкы күндөрү же өтө чоң кризисти жаратышат, же бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алган макулдашууга келишет”,-деди Жан-Ив ле Дриан 16-февралда Франциянын парламентинде сүйлөп жатып.

Ирандын атынан сүйлөшүүлөрдү алып барып жаткан топтун башчысы Али Багери Кани “Твиттердеги” баракчасында батыш державаларын “реалдуу болууга, соңку төрт жылдан сабак алууга жана ийге келүүгө” чакырды.

“Бир нече апталык көп сүйлөшүүлөрдөн соң биз макулдашууга өтө жакындадык, бирок эгер бардык нерсе макулдашылбаса эч нерсе кабыл алынбайт”,-деп жазды ал.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс дагы келишимге жетишүүнүн акыркы баскычтары калганын журналисттерге билдирди.

2015-жылы Иран менен алты мамлекет (Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия) макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Ислам жумурияты өзүнүн өзөктүк программасын чектемек, бул үчүн санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШ келишимден чыгып кетип, жазалоочу чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан. Тараптар Венада сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасын өткөрдү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG