Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Министр медициналык окуу жайларды жабуу тартибин түшүндүрдү


Ош мамлекеттик университетинин имраттарынын бири. Январь, 2022-жыл.
Ош мамлекеттик университетинин имраттарынын бири. Январь, 2022-жыл.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менчик медициналык окуу жайларды жабуу тартибин түшүндүрдү. Ал "Азаттыктын" суроосуна жооп берип, 17 окуу жайга кат жөнөтүлгөнүн, 1-апрелге чейин клиникалык базасын комиссияга көрсөтө албагандардын лицензиясы алынарын билдирди.

"Клиникалык база боюнча 086 деген маалымдаманы биз беребиз. 3-курстан баштап клиникалык базасы болушу керек. 1-апрелге чейин алар биздин комиссияга клиникалык базасын, оорукана, гистология, өлүккана, анатомия бар деп далилдеп бериши керек. Билим берүү министрлиги деле лицензияны бизсиз бере албайт".

15-февралда Бейшеналиев Кыргызстанда медициналык багыттагы 17 менчик жогорку окуу жайы жана факультет жабыла турганын “Азаттык” радиосуна билдирген. Министр ар бир окуу жайды жеке өзү текшерип чыкканын, профессордук-окутуучулар курамы жана клиникалык базасы талапка жооп бергендери гана калтырылып, калгандары жабыларын, алардын кожоюндарынын арасында “олигархтар, депутаттар, мурдагы премьер-министрлер бар” экенин айткан. Ошондой эле талапка жооп берген, шарты бар окуу жайлар ишин уланта берерин кошумчалаган. Жабыла тургандардын студенттери окуусун сертификациядан өткөн окуу жайларынан уланта алары айтылды.

Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Шаирбек Султанбеков окуу жайларга лицензияны Билим берүү министрлиги бере турганын, аны Саламаттык сактоо министрлиги жаба албай турганын "Клооп" басылмасына билдирген.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда медициналык билим алып жаткан студенттер арасында Пакистан, Индия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Грузиянын жаштары бар. (MTa/КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG