Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын өкүлү менен кызматташтыкты талкуулады


Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугушту.
Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Жапаров энергетика тармагын колдоо жана чыңдоо боюнча кабыл алынып жаткан чаралар, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду өнүктүрүү демилгелери тууралуу айтып берди.

"Дүйнөлүк банк өнүгүүнүн маанилүү багыттарында өлкөгө олуттуу колдоо көрсөткөн стратегиялык өнөктөш болуп саналат. Биз өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча натыйжалуу аракеттешүүгө умтулуудабыз", - деди Жапаров.

Навид Хасан Накви өз кезегинде мындан ары дагы жемиштүү кызматташтыкка даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун алкагында "Digital CASA – Кыргызстан" долбоорун ишке ашыруу, быйыл жазында энергетикалык тармакты өнүктүрүү келечеги боюнча форумду уюштуруу, Дүйнөлүк банктын жазгы кеңешмелери, Кыргызстан жана Дүйнөлүк банктын ортосундагы өнөктөштүктүн 30 жылдыгын майрамдоо, калкты эмдөө, жактан аз камсыздалган үй-бүлөлөргө күн батареяларын орнотуу боюнча кызматташуу маселеси талкууланды.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2020-жылы коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстан чет элдик донорлордон 380 миллион доллар насыя жана грант алган. Донор уюмдардын катарында Азия өнүктүрүү банкы, Европа биримдиги, Дүйнөлүк банк жана башкалар бар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG