Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Коронавирустан эки киши каза болуп, 39 адамдан жаңы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку бир суткада (17-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 39 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 19 киши.

  • Ош облусу - 1
  • Чүй облусу – 7
  • Ысык-Көл облусу – 7
  • Жалал-Абад облусу – 2
  • Баткен облусу - 3

Ош шаары, Нарын, Талас облустарында вирусту жуктуруп алгандар катталган жок. Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы эки бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 200 миңден ашты, 2937 адам каза болуп, 193 миңден көп киши сакайып чыкты.

Ушу тапта 353 бейтап ооруканада, 1754 адам үйүндө дарыланып жатат.

3-февралда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өткөнүн айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG