Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Хаменеи Иран атомдук энергия өндүрүүнү каалап жатканын айтты


Али Хаменеинин 17-февралда телеканалдар кайрылуу учуру.
Али Хаменеинин 17-февралда телеканалдар кайрылуу учуру.

Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи Тегеран өзөктүк курал чыгарууну эмес, атомдук энергия өндүрүүнү каалап жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 17-февралда мамлекеттик телеканалдар аркылуу өзөктүк курал тууралуу дүйнөлүк державалар менен сүйлөшүүлөргө комментарий берген учурда айтты.

Мунун алдында Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив ле Дриан Ирандын өзөктүк программасын сактап калуу боюнча дүйнөлүк державалар менен Тегерандын сүйлөшүүсү чечүүчү этапка келгенин маалымдаган. Министр бул үчүн Ирандын бийлигине бир нече күн убакыт берилгенин, алар тандоону тез арада жасашы керектигин кошумчалаган.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс дагы келишимге жетишүүнүн акыркы баскычтары калганын журналисттерге билдирген.

2015-жылы Иран менен алты мамлекет (Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия) макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Ислам жумурияты өзүнүн өзөктүк программасын чектемек, бул үчүн санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШ келишимден чыгып кетип, жазалоочу чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан. Тараптар Венада сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасын өткөрдү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG