Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

COVID-19: эки бейтап каза болуп, 41 адамдан вирус жаңы аныкталды


Омикрон штаммы.
Омикрон штаммы.

Соңку бир суткада (18-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 41 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 20 киши.

  • Чүй облусу – 14
  • Ысык-Көл облусу – 5
  • Талас облусу - 1
  • Жалал-Абад облусу – 1

Калган аймактарда вирусту жуктуруп алгандар катталган жок. Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы эки бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 200 миңден ашты, 2939 адам каза болуп, 193 миңден көп киши сакайып чыкты.

3-февралда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өткөнүн айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG