Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:16

Журналист Семетей Талас уулу кармалганы кабарланууда


Семетей Талас уулу
Семетей Талас уулу

Журналист Семетей Талас уулун күч органдары кармап кеткени кабарланууда. Бул маалыматты журналисттин аялы Айым Усупбаева. "Азаттыкка" тастыктады. Ал күйөөсүн кармап кеткен себебин билбей турганын жана үйүн тинтип, айрым буюмдарды, диний китептерди алып кетишкенин кошумчалады. Жубайы журналистти кармап кеткен учурда үйдө өзү жок болгонун, апасы болгонун айтты.

Талас уулун кайненеси Динара Тургуналиева үйгө келген күч органдары соцтармактарга бөлүшкөн материалдары боюнча суроо беришкенин укканын айтты.

"Мен деле жакшы түшүнгөн жокмун. Келген адамдар китептерди карашып, бир нечесин алып кетти. Менин түшүнүгүм боюнча "Фейсбукка" бөлүшкөн бир макала боюнча сурады. Аны түшүнүп туруп бөлүштүңүз беле деген суроолорду уктум. Биз деле эмнеге алып кеткенин билбей калдык", - деди "Азаттыкка" журналисттин кайненеси Динара Тургуналиева.

Досу Төрөбек Жунус Семетей Талас уулу эч бир шектүү диний уюмга тиешеси болбогонун, аны үйүнө келип алып кеткенин түшүнбөй жатканын билдирди. "Семетей мыйзамды сыйлаган, коомдогу мыйзамсыз иштер, коррупцияга каршы ачык позициясын айткан журналист, жаран. Ага карата кайсы бир суроо болсо мыйзам чегинде чакырса деле өзү бармак. Азыр дароо келип кармап кетүүнүн артында коркутуп-үркүтүп коюу максаты турабы деп ойлоп жатам", - деди Жунус уулу.

Азырынча журналистти кайсы орган жана эмне себептен алып кеткени белгисиз. Расмий органдардан маалыматты тактоо мүмкүн боло элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жана ИИМ маалымат такталып жатканын билдирди.

41 жаштагы Семетей Талас уулу көз карандысыз журналист катары белгилүү. Ал көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазат. Сонку жылдарда Талас уулу эркин журналист катары соцтармактардагы баракчалары аркылуу коомдогу ар кыл окуяларга өз пикирин активдүү жазып келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG