Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Салык кызматы жана "Альфа Телекомдун" кызматкерлерине кылмыш иши козголду


Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдарына жана алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөргө карата коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Башкы көзөмөл органдын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында алкоголдук продукцияларга акциздик маркаларды көп санда мыйзамсыз даярдоо уюштурулгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Ички иштер министрлигине караштуу Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте К.Ж.Э. аттуу жарандын жашаган жана иштеген жеринде тинтүү жүргүзүлдү. Анда 469 даана маркалоо коддору (QR коддору), сапаты күмөн жараткан 8 миң алкоголдук продукциянын акциздик маркалары, ошондой эле аларды бузууга жана өзгөртүүгө арналган каражаттар алынган.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдарына, "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун алкоголдук жана тамеки продукцияларын маркалоонун улуттук операторунун жооптуу адамдарына жана айрым алкоголдук продукцияларды өндүрүүчүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши козгоду.

Анын алкагында K.Ж.Э. аттуу жаран кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө иштери уланууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG