Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Иранда депутаттар президентти Батыштан кепилдик алууга чакырды


Иран парламенти.
Иран парламенти.

Ирандын мыйзам чыгаруучулары президент Ибрагим Раисини АКШ жана Батыштагы үч мамлекеттен алар өзөктүк келишимден чыкпайт деген кепилдик алууга чакырышты. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик телеканалдары 20-февралда кабарлады.

«Биз өткөндөн сабак алып, улуттук кызыкчылыктардын алдында кызыл чийимди так коюшубуз керек. Алдын ала кепилдик алмайынча ар кандай макулдашуулардан баш тартышыбыз зарыл»,-деп жазылат депутаттардын катында. Бул катка 290 мыйзам чыгаруучунун 250сү кол койгон.

Ушул тапта Иран, Британия, Франция, Германия, Орусия жана Кытай 2015-жылкы өзөктүк макулдашууну жандантуунун үстүндө иштеп жатышат. Ал келишимге ылайык, Тегеран өзүнүн өзөктүк программасын чектемек, ал эми дүйнө державалары Иранга салынган санкцияларды жеңилдетмек.

АКШ 2018-жылы ошол кездеги президент Дональд Трамптын убагында бул макулдашуудан чыгып, Иранга санкцияларды катаалдаткан. Азыркы мамлекет башчы Жо Байден келишимге кайтып келгиси келерин билдирген.

Ирандын мыйзам чыгаруучулары Тегеранга салынган санкциялардын баары алынганда гана келишим жанданат деген шарт коюп жатышат.

19-февралда Германиянын канцлери Шольц он ай аралыгында Венада өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында аныкталган “элементтер даяр турганын” белгиледи.

Ал ошондой эле Иран уранды байытуусун Бириккен Улуттар Уюмунун өзөктүк агенттигинин көзөмөлүсүз уланта турган болсо, мындай жагдай дүйнөлүк державалар үчүн “кабыл алгыс” болорун айтты.

Ошол эле күнү Ирандын тышкы иштер министри, Батыш мамлекеттери бир аз жумшарышы зарыл экенин, «жакшы келишимге кол коюуга» даярдыгын жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG