Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:11

HRW: Бийликтин Январь окуяларын иликтөө аракеттери жетишсиз


Алматынын борбордук аянты. 7-январь, 2022-жыл.
Алматынын борбордук аянты. 7-январь, 2022-жыл.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун эсебинде, Казакстан бийлигинин кандуу Январь окуяларын иликтөө аракеттери «көз карандысыз иликтөөгө» окшошпой жатат.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон 18-февралда билдиргендей, казак бийлиги адам укуктарынын бузулушун тыкыр иликтеп чыгышы керек, антпесе президент Касым-Жомарт Токаевдин сөздөрү жөн гана «куру убада бойдон калат».

HRW 4-6 январь күндөрү күз кызматкерлери ашыкча күч колдонгон төрт окуяны аныктаган. Андан тышкары ондогон видеолорду анализдеп отуруп, дал ошол төрт окуяда он киши бейкүнөө каза болгон деген тыянакка келишкен.

«Бул окуялар иликтениш керек»,-деген Хью Уильямсон казак бийлиги эл аралык комиссияга да окуяларды иликтегенге уруксат бериши абзел деген пикирде.

Токаев 29-январда мамлекеттик телеканалга курган маегинде эл аралык иликтөө чакырыктарынан баш тартканын билдирген.

Казакстанда январдын башында болгон башаламандыкта кеминде 227 киши өлгөнү расмий айтылган. Алардын аты-жөнү ушул күнгө чейин жарыялана элек. Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар окуялар маалында жана андан кийин кармалган ондогон жарандар кыйноого кабылганын билдирип, окуяларды тыкыр иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG