Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Бразилияда көчкүдөн кийин 200дөй адам дайынсыз болууда


Петрополис шаары. Көчкүнүн кесепети.
Петрополис шаары. Көчкүнүн кесепети.

Бразилиянын Петрополис шаарында селден кийин башталган көчкү алдында калгандарды издөө иштери бүгүн 20-февралда да уланууда. Кечээ тынбай жааган нөшөр жаандан улам ишти убактылуу токтотууга туура келгенин шаар жетекчилиги билдирди.

Соңку маалымат боюнча, шейшемби күнкү жаандан кийин башталган көчкүдөн 146 адам каза болду, дагы 200дөй адамдын дайыны табылбай жатат. Миңге чукул адам үй-жайынан ажырап, убактылуу жайларга жайгаштырылды.

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару жума күнү жабыркаган аймакты тик учак менен үстүнөн кыдырып, абал согуштан кийинкидей экенин айтты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG