Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Европада "Юнис" бороону кеминде 16 адамдын өмүрүн алды


Улуу Британия. "Юнис" бороонунун кесепети.
Улуу Британия. "Юнис" бороонунун кесепети.

Европанын айрым өлкөлөрүндө соңку эки күндөн берки катуу шамалдан кеминде 16 адамдын өмүрү кыйылды. ВВС кабарлагандай, “Юнис” бороонунан Нидерландда жана Польшада төрттөн, Улуу Британияда үч, Германия менен Бельгияда экиден жана Ирландияда бир адам каза болду.

Ошондой эле бул жаратылыш кырсыгынан автомобилдик авариялардан ондогон адамдар түрдүү жараат алышты.

Кээ бир жерлерде шамалдын ылдамдыгы саатына 200 чакырымга жетип жатты. Миллиондогон үйлөр жана мекемелер электр жарыгы жок калып, айрым учак жана темир жол каттамдары убактылуу токтотулду.

Метеоролог адистердин айтымында, мындай катуу шамал Европада соңку 30 жылдан бери каттала элек болчу. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG