Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Баткен: айрым ишкерлер менен жарандарга киреше салыгы азайды


Садыр Жапаров былтыр сентябрь айында "Баткен облусунун макамы жөнүндөгү” мыйзамга кол койгон.
Садыр Жапаров былтыр сентябрь айында "Баткен облусунун макамы жөнүндөгү” мыйзамга кол койгон.

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Салык кызматы Баткен облусунда айрым ишкерлерге жана жергиликтүү тургундарга киреше салыгы 10%дан 5% болуп азайганын билдирди. Ошондой эле салык төлөөчүлөргө, жеке жактарга салыктан бир катар жеңилдиктер берилгенин маалымдады.

"Салыктык жеңилдиктер эки багытта, өзгөчө жеңилдетилген салык режими бар айрым чек ара жанындагы калктуу пункттарына жана Баткен облусунун бардык аймактарына берилет" деп айтылат мекеме тараткан маалыматта. Андан сырткары былтыр жазында чек ара жаңжалынан жабыркаган субъектилердин салыктык карыздары жоюлат.

Президент Садыр Жапаров былтыр сентябрь айында "Баткен облусунун макамы жөнүндөгү” мыйзамга кол койгон. Анда жергиликтүү тургундарга, ишкерлерге салыктык жеңилдиктер, социалдык жактан колдоо, бизнеске ыңгайлуу шарт түзүү каралган. Атайын тизмеге кирген айыл тургундарынын пенсиясын, жөлөк пулду көбөйтүү, электр энергиясын жеңилдетилген шартта берүү өңдүү жоболор жазылган.

XS
SM
MD
LG