Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

Вице-мэр Азат Узаков эки айга камалды


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Социалдык объектилерди курууда акча каражатын уурдоого шектелип кармалган Бишкек шаарынын вице-мэри Азат Узаков эки айга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Атайын кызмат 19-февралда Узаков менен кошо "Г.П.С" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, мамлекеттик курулуш турак жай жана жарандык курулуш башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы кармалганын билдирген. Алардын бөгөт чарасы боюнча маалымат азырынча жок.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык вице-мэр Азат Узаков өкмөттүн аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп турганда, жеке компаниянын кызыкчылыгын көздөө максатында коррупциялык схема уюштурган.

Анда Чүй облусунун Кош-Коргон айылындагы Т.Каракеев атындагы орто мектептин курулушун каржылоодо Узаков мамлекеттик курулуш комитетинин жана Чүй капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, "Г.П.С." ишканасынын кызыкчылыгын бир нече жолу колдогону, натыйжада объектини жасалма ишке киргизүү менен бюджетке 10,8 миллион сомдук зыян келтирилгени айтылат.

Узаковдун жакындары, адвокаттары комментарий бере элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG