Ушул убакка чейин Январь окуялары боюнча 107 иш айыптоо корутундусу менен иликтенип бүтүп, 52 адам соттолду. Бул тууралуу 21-февралда Казакстандын Ички иштер министрлигинин Тергөө департаментинин башчысы Санжар Адилов атайын брифингде билдирди.
Соттолгондордун 39унун эркиндиги чектелди, 13 адам камалды. Мындан сырткары ушул эле иштердин алкагында сот 34 айыпталуучунун бөгөт чарасын карап жатат.
Адилов кабарлагандай, учурда ички иштер органдары 2729 кылмыш ишин иликтеп жатышат. Алар боюнча 250 адам кармалган. Ал иштердин көбү “уурулук”, “башка бирөөнүн мүлкүнө атайылап зыян келтирүү” жана “куралды мыйзамсыз жүгүртүү” беренелери менен козголгон.
Казакстандын Башкы прокуратурасы 21-февралда алар иликтеген иш боюнча 469 киши камакка алынганын кабарлады. Мунун ичинен “террорчулук актысы” менен 46 иш, “жапырт башаламандык” менен 45 иш тергелүүдө.
Тополоңго байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалган, алардын миңге жакыны камакка алынды. Кийин айрымдарынын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөнү маалым.
Расмий маалыматка караганда, кандуу окуяларда жалпы 227 адам өлгөн. Казакстандын бийлиги каза болгондордун аты-жөнүн жарыялай элек. Укук коргоочулар жана ыктыярчылар мерт болгондордун ысымын өз алдынча топтоп жатышат. (ErN)
Facebook шеринеси