Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Информатика боюнча олимпиадада "Сапаттын" окуучусу алтын медалга татыды


Айдар Мундузбаев алтын медалга татыды.
Айдар Мундузбаев алтын медалга татыды.

Информатика сабагы боюнча эл аралык Info(1)Cup олимпиадасында кыргызстандык окуучу алтын медаль утуп алды. Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин 21-февралдагы маалыматына караганда, онлайн форматта өткөн бул олимпиадага 14 өлкөдөн 160тан ашык окуучу катышты.

Кыргызстандын командасы төрт окуучудан түзүлүп, алардын экөө “Сапаттын” өкүлдөрү болду.

Тапшырмалардын жыйынтыгы боюнча Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Айдар Мундузбаев информатика боюнча алтын медалга ээ болду.

16 жашка чыккан же андан жогору жаштагы окуучулар катышкан бул олимпиада 2016-жылдан бери өткөрүлүп келет. Негизги максаты – компьютердик илимдерди жайылтуу, дүйнө жүзүндөгү мектептер арасында кесипкөйлүк кызматташууну бекемдөө, талантуу жаштарды аныктоо жана маалыматтык технологияны өнүктүрүү, маалыматтык маданиятты жогорулатуу.

Бул жолку билим таймашы 11-13-февраль күндөрү өттү. (RK)

XS
SM
MD
LG