Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

Колумбияда 24 аптага чейин аборт жасоого уруксат берилди


Колумбиянын борбору Богота шаарындагы Конституциялык соттун аборт боюнча чечимдерин колдогон акция. 22-февраль, 2022-жыл.
Колумбиянын борбору Богота шаарындагы Конституциялык соттун аборт боюнча чечимдерин колдогон акция. 22-февраль, 2022-жыл.

Колумбиянын Конституциялык соту “мындан ары 24 аптага чейин жасалган аборттор кылмыш деп саналбайт” деген өкүм чыгарды. Активисттер жана укук коргоочулар Кылмыш кодексине мындай өзгөртүү киргизүүнү дээрлик 20 жылдан бери талап кылып келишкен.

Соттун чечимине байланыштуу өлкөнүн борбору Боготада колдоо акциялары өттү.

Колумбияда буга чейин түйүлдүктүн кемтиги аныкталса, эненин өмүрүнө коркунуч жаралса, зордуктоо же кан бузуу (инцест) болсо гана аборт кылууга уруксат берилген. Калган учурлардын баарында энелер 4,5 жылга чейин камакка алынчу. Укук коргоочулар 2005-жылдан бери аборт үчүн 200дөн ашык аял камалганын билдиришкен.

Латын Америкасындагы көпчүлүк өлкөлөрдө католик чиркөөсүнүн таасиринен улам бойдон алдыруу маселеси көп тоскоолдуктарга кабылып келет. Сальвадордо, Никарагуада жана Доминиканда абортко таптакыр тыюу салынган, Аргентина 2020-жылы аны легалдаштырган.

Орусияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Кыргызстанда боюна бүткөндөн 12 аптага чейин абортко уруксат берилет. Кыргызстандын укук коргоочулары жана акушер-гинекологдору муну 22 аптага чейин узартууну талап кылып келишет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG