Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Украинанын бир катар шаарлары, аймактары аткыланып жатат


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Украинадагы аба кыймылын тейлеген "Украэрорух" мамлекеттик ишканасы коопсуздуктан улам өлкөнүн аба мейкиндиги толугу менен жабылганын билдирди.

Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, жана чек арадагы аймактарда жардыруу, атышуу болуп жатканы тууралуу маалыматтар тарап жатат.

Орусия Одессага аскерлерин киргизгени тууралуу кабар азырынча расмий ырастала элек.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Путинди согушка байланыштуу айыптады. Ал "Твиттердеги" баракчасына "Путин Украинага каршы согуш баштады. Жайкын украин шаарларына чабуул уланып жатат. Бул баскынчылык согушу. Украиана өзүн коргойт жана жеңет. Дүйнө Путинди токтото алат жана токтотушу керек", - деп жазды.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды.

"Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 51-беренесине ылайык, Федералдык Кеңештин санкциясы менен мен атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алдым. Биз Украинаны демилитаризация жана денацификация кылганга аракет кылабыз. Ошондой эле жайкын тургундарга, алардын ичинде Орусиянын жарандарына каршы бир топ кандуу кылмыштарды жасагандарды сот жообуна тартабыз",- деди Путин.


Мунун алдында Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүнүн башчылары аталган аймакка аскер киргизүү өтүнүчү менен Путинге кайрылышкан.

Федералдык Кеңеш 22-февралда орус президентине армияны өлкөнүн сыртында колдонууга уруксат берген.

21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин өз өлкөсүнүн суверенитетин бузуу катары баалады. Украин парламенти башка өлкөлөргө кайрылып, жикчилдер ээлеп турган Украинага караштуу аймактарды Орусиянын артынан тааныбоого чакырды. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптап, санкцияларды киргизе баштады.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда ишке ашты. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.

Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Эки аймакты тең бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп аталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG