Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:15
Киев. 2026-жылдын 2-октябры.
Киев. 2026-жылдын 2-октябры.

Орусиянын Киевге чабуулунда реактивдүү дрон колдонулду, адам өмүрү кыйылды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




19:00 26.2.2022

"Жек көрүү менен! Силерге каргыш тийсин!". Украинанын Чек ара кызматынын башчысы Сергей Дайнеко Беларустун Мамлекеттик чек ара комитетинин башчысы Анатолий Лаппого жазган катын ушинтип аяктаган.

18:57 26.2.2022

Нидерланддын бийлиги 26-февралда билдирүү таратып, Украинага Stinger үлгүсүндөгү 200 зениттик ракетасын жеткире турганын билдирди. Бул ракеталар учактарды жана тик учактарды атып түшүрүүгө ылайыкталган.

Нидерланд өткөн аптада Киевге 100 снайпердик мылтыктарды 30 миңдей патрону менен берүүгө макул болгон. Мындан сырткары аскердик техникаларды, радарларды жана мина издөөчү жабдууларды бермек. Алардын бир бөлүгү 26-февралда жөнөтүлдү, калганы эми жиберилет.

Киевге мурдараак Польша, Литва, Британия дагы түрдүү курал-жарактарды жеткирген. Ага чейин АКШ жана Евробиримдиктеги башка мамлекеттер аскердик жарам берип жаткан.

Буга чейин Чехиянын Коргоо министрлиги Украинага 8,6 миллион долларлык жардам көрсөтө турганын кабарлаган.

18:54 26.2.2022

Чечендердин шейх Мансур жана Жохар Дудаев атындагы батальону Киевди коргоого катышууда.

Украинада жашаган жарандык активист Али Бакаев Кавказ.Реалии сайтына этникалык чечендер менен Түндүк Кавказдын башка элдери агрессорлорго каршылык көргөзүүгө даяр экенин кабарлады.

Маектеш айрым ыктыярчы батальондор 24-февралдан баштап толукталып жатканын кабарлады.

"Чечендер жана кавказдыктар орусиялык агрессияга өздөрү жашаган жерден каршылык көрсөтүүдө. Бирок, жөнөкөй жарандарга курал-жарак бербей жатышат. Мен согуштук аракеттерге катышууга, жашоочулардын чыр-чатак болгон жерден алып чыгууга даярмын. Орусиялык ЖМКнын "Киевде куралды ылгабай эле таратып жатышат" деген маалыматы калп", - деди Бакаев.

Диаспоранын өкүлү Руслан Сидаев Кавказ.Реалии менен маегинде Киевди коргоого ингуштар менен дагестандыктар да катышып жатканын кошумчалады. Бирок алардын так саны канча экенин айткан жок.

18:46 26.2.2022

Канаданын дүкөндөрү Украинадагы согушка каршылык иретинде өздөрүнүн текчелеринен орусиялык өндүрүштөн чыккан арак жана башка ичимдиктерди алып салууда.

Манитоба жана Ньюфаундленд провинциясындагы ичимдик дүкөндөрү орусиялык спирт ичимдиктеринен баш тарта турганын жарыялады. Ошол эле маалда эл жыш жашыган Онтарио провинциясында 679 дүкөндөн орусиялык продукцияларды алып сала турган болду.

Канаданын Статистикалык башкармалыгынын маалыматында, 2021-жылы Орусиядан 4,8 млн. канадалык доллар (3,78 млн. АКШ доллары) турган алкоголдук ичимдиктерди импорттогон. Statscanдын маалыматында арак Канадада вискиден кийин көп ичилген ичимдик.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG