Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:57
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл

Зеленский Украинага абадан коргонуу системасы жетпей жатканын билдирди

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:00 22.7.2022

Согушту изилдөө институту (ISW): Орусиялык аскерлер согушка чейин топтолгон таамай тийчү ракетанын 50-60% колдонуп бүттү

  • Орусиялык аскерлер Украинага 7-16-июлдагы тыныгуу учурундай эле чабуул коюп жатат. Славянски шаарынын түштүк-батышында, Северск жана Бахмут райондорунун айланасында чечкиндүү позициясы жок чабуулдарга өтүп жатат. Славянскинин түндүк-чыгышында орусиялык аскерлердин жерден чабуулу расмий жарыяланган тыныгууга караганда аз болгон.
  • Харьковдун түндүгүндө орусиялык аскерлердин жердеги чабуулу ийгиликсиз болду. Маалыматта алар жаңы жабдыктарын украиналыктардын чабуулунан коргоп, Запорожьедеги АЭСте катып отурганы айтылат.
  • Мурманск облусунда Украинадагы согушка жөнөтүү үчүн жаңы ыктыярдуу батальон түптөлдү. Орусиялык күчтөр киши жетпегендиктен батальондук гибрид топторун (БТГ) ар кайсы аскер бөлүктөрүнөн чогултуп жатканы маалым болду.
  • Украинанын башкы чалгын башкармалыгы (ГУР) орусиялык аскерлер согушка чейин топтогон таамай тийчү ракетасынын 55-60% колдонуп бүттү. Орусиялык аскерлер Х-101, Х-555, "Искандер" жана "Калибр" системасын согуш жаңы башталган кезге караганда аз колдоно баштады. Буга таамай тийчү системага керектүү тетиктер санкциядан улам келбей калганы себеп болушу мүмкүн. Ошол эле маалда Украина Батыш өлкөлөрүнөн РСЗО HIMARS баштаган таамай атчу системаларды алып, урушка колдонууда.
16:57 22.7.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда Батыш өлкөлөрүнөн, көбүнчө АКШдан заманбап куралдарды алуу процесси дале уланып жатканын маалымдады. Ал ушул убакка чейин украин аскерлери алган курал-жарак Орусиянын күчтөрүнө олуттуу сокку урууга жетиштүү болгонун, мындан ары согуш талаасындабаланс өзгөрөрүн билдирди.

Зеленский Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысынын, Башкы чалгын кызматынын жетекчисинин, Сырткы чалгын кызматынын башчыларынын, коргоо министринин, ички иштер министринин катышуучулары менен жыйын куруп, контрчабуулга даярдыктар талкууланганын кошумчалады.

15:57 22.7.2022

Германия "Түндүк агым-2" газ куурун ишке киргизе албай турганын билдирди

Германиянын бийлиги "Түндүк агым-2" газ куурун ишке киргизүү учурда таптакыр мүмкүн эмес экенин маалымдады. Бул жөнүндө өлкөнүн вице-канцлери Роберт Хабек ZDF телеканалынын эфиринде айтты.

Ал долбоорду ачып жиберүү согуштагы “ак желекти көтөрүп, жеңилип берүү” менен барабар экенин билдирди. Хабектин сөзүнө караганда, Европа Орусиянын газына көз карандылыкты дагы күчөткүсү келбейт.

10:17 22.7.2022

Британиянын коргоо министри Бен Уоллес Украина жакында ала турган куралдын тизмесин чыгарды.

  • 155-калибрдеги 20 артиллериялык курал,
  • L119 жеңил куралынан 36 даана,
  • жүздөгөн учкучсуз учактар,
  • танкка каршы 1600 курал,
  • Артиллерия үчүн 50 миңдей снаряд.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG