Украинанын "Энергоатом" өзөктүк агенттиги Орусиянын аскерлери Запорожье атомдук электр станциясына дагы чабуул жасаганын билдирди. Анда станциянын жанындагы чөп өрттөнгөнү, эч ким жабыркабаганы жана кырдаал көзөмөлдө экени айтылат.
Расмий Киев орус аскерлерин 5-6-августта Запорожье атомдук электр станциясынын аймагын аткылаган деп айыптаган. Анда чабуулдан радиацияны көзөмөлдөөчү үч кыймылдаткыч жабыркап, АЭСтин бир жумушчусу жаракат алганын билдирген.
Эстония (өзү тарабынан берилген) Шенген визасы бар Орусия жарандары үчүн чек арасын жабат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Урмас Рейнсалу өкмөттүн 11-августтагы жыйынында билдиргенин “Азаттыктын” орус кызматы жазды.
Рейнсалунун айтымында, расмий Таллин орус жарандарына Эстония тарабынан берилген Шенген визаларына санкция салууна пландап жатат. Маалыматка караганда, визалар күчүндө калат бирок аны менен орусиялыктар Эстонияга кире албайт.
Донецк шаарынан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан Пески айылынын жака-белинде айыгышкан салгылашуу жүрүп жатканы боюнча кабарлар чыгууда. Өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” (“ДЭР”) деп атап алган жикчилдердин түзүмүнүн мүчөсү Даниил Безсонов 11-августта Телеграмм баракчасына “Пескиде кайнап жатат" деп жазды.
"Калктуу конуш биздики, бирок айылдын түндүк-батыш тарабында каршылык көрсөткөн топтор бар”, - деди ал.
Расмий Киев бул шаарды дагы эле Украинанын куралдуу күчтөрү көзөмөлдөп жатканын билдирди. Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович “орусиялыктардын Пескиге жылуу аракети ийгиликсиз болгонун” кабарлады.
Согуш маалында мындай билдирүүлөрдү көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.
2014-жылы Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алгандан бери Москва Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы жикчилдерди колдоп келет.
Луганск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Гайдай 10-августта Орусия аймактагы күчтөрүнүн санын көбөйткөнүн, анын ичинде “ЧВК Вагнер” жеке аскердик тобунун жалданма аскерлерин Кремлге жакын жерге алып келгенин билдирди.
Орусиянын аскерлери 10-августка караган түнү Украинанын Днепропетровск облусун “Град” ракеталык системасы менен аткылалаган. Андан 13 киши набыт болуп, дагы 11 адам жаракат алган.
Крымдагы аэродромдогу жарылуудан Орусиянын учактары жабыркады
Орусия аннексиялап алган Крымдагы орус аскердик Саки аэродромунда болгон жарылуулардын спутниктен тартылган сүрөттөрү жарыяланды. Аны Planet Labs компаниясы 10-августта тарткан.
Крым.Реалии сайтынын маалыматы боюнча, жарылуулардан Орусиянын аскердик аэродрому, анын ичинде Су-30СМ жана Су-24М бомбалоочу учактары жабыркаган. Спутниктен тартылган сүрөттөр көрсөтүп тургандай, кеминде тогуз учак, кампага окшош имараттарга зыян келген.