Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:38
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл

Зеленский Украинага абадан коргонуу системасы жетпей жатканын билдирди

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:08 1.9.2022

Орусиянын күчтөрү Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) эксперттеринин сапарынын алдында Энергодар шаарын минометтер менен аткылоодо. Бул тууралуу шаар мэри Дмитрий Орлов кабарлады. Ал арада оккупанттардын башчылары мунун баарына украин бийлигин айыптоодо.

Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, Энергодарды жана ага чектеш Запорожье атомдук станциясын басып алган орус аскерлери МАГАТЭнин миссиясынын келишине "массовкаларды" даярдап жатышат.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, станциянын кызматкерлери репрессияга кабылууда. Алардын көбү жөн эле жоголгон, мындан ары эмне болору да белгисиз.

12:54 1.9.2022

Украинанын “Энергоатом” компаниясы Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) эксперттер тобу Запорожье атомдук электр станциясына (АЭС) барганын билдирди.

МАГАТЭнин миссиясы 30-августта Киев шаарына жетип, 31-августта АЭСке жол тарткан. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Рафаэл Гросси коопсуздук үчүн Орусиядан да, Украинадан да кепилдик алганын жана алар АЭСте бир нече күн болорун билдирген. Анын жыйынтыгы боюнча станциядагы абал тууралуу маалымат берилет.

12:53 1.9.2022

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Орусия менен виза режимин жеңилдетүү боюнча келишимди токтотууну макулдашты. Мындай чечим 31-августта Прагадагы жолугушууда кабыл алынганын Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийяртону билдирди. Анын сөзүнө караганда, Еврошаркеттин бир катар мүчөлөрү орус жарандарына виза берүүнү толук токтотууну колдогон жок.

12:52 1.9.2022

Украина орус армиясынын аскердик кампаларына сокку урду

Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын армиясынын аскердик кампаларына, абадан коргонуу жана командалык пункттарына бир катар соккуларды урду. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин кызматы Украинанын Түштүк аймактагы оперативдүү командачылыгына шилтеме берип жазды.

“Биздин ракеталык жана артиллериялык бөлүкчөлөр эки командалык пунктка, эки ок-дары кампаларына, абадан коргонуу системаларына, радар станциясына жана душмандын артиллериясы топтолгон аймактарга чабуул жасашты”, - деп айтылат маалыматта.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG