Изюм жана Лиман да украин аскерлери тарабынан бошотулганы кабарланууда
Харьков облусунда украин аскерлери Купянск шаарынан тышкары Изюм менен Лиманды бошоткону тууралуу да кабарлар келип жатканын, бул тууралуу орусиялык да, украиналык да Телеграм-каналдар кабарлаганын "Свобода" радиосу жазды.
Фронттун бул участкалыктарындагы орусиялык аскерлер курчоодо калганы айтылууда. Расмий ырастоолор азырынча жок. Украинанын коргоо министри Алексей Резников РБК-Украинага курган маегинде армия каршы тараптын "логистикалык чынжырларын" үзүп чегинүүгө мажбур кылганын айтты.
Харьковдогу азыркы операция украиналык аскерлердин акыркы айлардагы эң чоң ийгилиги катары каралууда.
Балаклеяда кайрадан Украинанын туусу көтөрүлдү
Украин аскерлеринин контрчабуулунан кийин бошотулган Балаклея шаарында (Харьков облусу) өлкөнүн желегин көтөрүү аземи өттү.
Жергиликтүү бийликтер Купянск алынганын ырасташты
Бул тууралуу Харьков облусунун облустук администрациясынын башчысынын кеңешчиси Наталья Попова билдирди. Ал Украина чыгышындагы стратегиялык жактан маанилүү шаар алынган тууралуу өз билдирүүсүнө украиналык аскерлердин сүрөтүн кошо тиркеген.
Украиналык аскерлер Купянск шаарынын көбүн көзөмөлдөп турушу мүмкүн
Украиналык аскерлер Харьков облусундагы чоңдугу жагынан үчүнчү орунда турган Купянск шаарын жана эң маанилүү жол түйүнүн көзөмөлгө алганы кабарланууда.
Кечээ кечинде Украинанын президенти Владимир Зеленский Харьков облусундагы 30 калктуу пунктту бошотконун билдирген.